Президент: "2020-жылга чейин баш мыйзамды өзгөртүүгө негиз жок"

21 декабря 2018 12:12 1031 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

2020-жылга чейин Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө муктаждык деле жок-деди президент жогорку Кеңештин 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда сөз сүйлөп жатып. 

Бүгүнкү конференцияда парламенттин тарыхына кайрылгандар көп болсо керек, андыктан мен келечекке көп басым жасайын деп билдирди Сооронбай Жээнбеков. 

"Кыргыз мамлекети - парламентаризм жолун тандаган өлкө. Коомдогу бардык курч маселелер парламентте көтөрүлөт. Азыр парламенттин дарегине бир катар сындар айтылып жатат. Бул нормалдуу көрүнүш. Учурда Баш мыйзамды, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү, курултай институтун киргизүү талаптары коюлууда. Конституцияга 25 жыл ичинде 10 жолу өзгөртүлдү. 2020-жылга чейин өзгөртүлбөсүн деп добуш берилген. Бирок ага карабай, аны бузуу менен 2016-жылы дагы бир жолу өзгөртүлдү. Ошондуктан элдин эркин сыйлоо менен 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүгө муктаждык жок деп эсептейм. Мыйзамдарды сыйлоо керек. Учурда экономиканы өнүктүрүп, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү керек. Биз азыр Баш мыйзамды өзгөртүүнү баштап алсак, аны жакшылап талкуулоого, шайлоо мыйзамдарын тактоого жетишпейбиз", - деди өлкө башчы.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-2020-zhylga-chejin-bash-myjzamdy-zgrtg-negiz-zhok



Добавить комментарий