Премьер Абылгазиев чек араны кайтаруу жана коргоону күчөтүүнү тапшырды
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн күч түзүмдөрүнө Баткен облусунда болуп өткөн окуяга байланыштуу кыргыз-тажик тилкесинде чек араны кайтарууну жана коргоону күчөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Укук коргоо органдарына аймакты туруктуу кайтарууга, чек арага жакын жерде жашаган жарандардын коопсуздугун камсыздоо, окуянын чыңалышына жол бербөө үчүн аракетти көрүү тапшырылды.
"Муну менен катар өкмөт башчы кырдаалды тез арада жөнгө салууyну жана чыңалууну толук жоюу үчүн вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын, ошондой эле облус жетекчилеринин ортосундагы сүйлөшүүнү күчөтүүнү тапшырды", — деп айтылат маалыматта.
Абылгазиев андан сырктары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча ишти илгерилетүүгө чейин кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбоо жана кырдаалдын курчушуна алып келбөө үчүн чараларды кабыл алуу керектигин өзгөчө белгиледи.
Белгилей кетсек, 9-январдан 10-январга караган түнү чек арага жакын жерден кыргызстандыктар бараткан эки автоунаа ташка алынган. Андан сырткары болжол менен саат 02.40тар чамасында Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн таш менен ургулашкан. Кыргызстандын ал жаранынын үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге бараткан чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окко учурашкан. Кийин тажик тараптан ок атуу токтотулганы кабарланган.
Ссылка: https://barometr.kg/premer-abylgaziev-chek-arany-kajtaruu-zhana-korgoonu-kchtn-tapshyrdy
Добавить комментарий ×