Пост-чындык. ЖМК, саясатчылар, ал тургай биз өзүбүздү өзүбүз кантип алдайбыз
«Интерньюс Кыргызстан» Кыргызстандагы шайлоо жана саясий процесстердин контекстинде медиа сабаттуулук боюнча бир катар видео сабактарды элге тартуулап баштады. Бул тууралуу «Интерньюстун" сайтына жарыяланган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Видео сабактын биринчи чыгарылышында белгилүү теле алып баруучу жана блогер Эркин Рыскулбеков ММКларда жарыяланган маалыматтардагы фактыларды эмоционалдуу фактыдан бөлүп кароону үйрөнүшүбүз керектигин түшүндүрдү. Чындык менен жарым чындыктын айырмасы эмнеде? Ошондой эле шайлоочу үгүт учурунда маалыматты бурмалоого кантип туруштук бере алат?
“Азыр бизде оор милдет турат. Эбегейсиз маалымат агымынын арасынан чындыкты жана анын маанилүүлүгүн аныктоо. Баарыбыз факт изилдөөчү болуп, өзүбүздү угуп барган сайын көйүп бара жаткан фейктерден жана чала чындыктан сак болушубуз керек”, -деди Рыскубеков
Рыскулов өкмөттүн пенсияны көтөрүү боюнча чечимин мисал келтирди.
"Өкмөттүн пенсияны көтөрүү чечими улгайган адамдар үчүн жагымдуу жаңылык. Бирок бул шайлоого бир нече жума калганда, бийликтин пенсионерлердин колдоосун алуу аракети болушу мүмкүн. Бул жерде жалган же чыныгы маалымат жөнүндө сөз болгон жок. Анын максаты тууралуу кеп болуп жатат. Бул жарым-жартылай чындыктын бир бөлүгү же маалыматты манипуляциялоо болушу мүмкүн ", - деди ал.
Ссылка: https://barometr.kg/post-chyndyk-erkin-ryskulbekov-zhalgan-maalymatty-azhyrata-bil-kerektigin-ajtty
Добавить комментарий ×