Пекин шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин мектеп окуучулары үчүн эл аралык жайкы лагердин ачылыш аземи өттү

11 июль 2018 02:05 1082 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

2018-жылдын 9-июлунда Пекин шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин мектеп окуучулары үчүн эл аралык жайкы лагердин ачылыш аземи өттү. Бул маарекеге ШКУнун мүчө-мамлекеттеринен тактап айтканда Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын жана Таджикистандын окуучулары мектептеринен 200 дөн ашык окуучулар катышты. Кыргызстандан жайкы лагерге катышуу үчүн Иссык-Көл, Джалал-Абал, Баткен областарынан жана Бишкек шаарынан 39 окуучу келген.

2013-жылдын ноябрь айында КЭРнын Мамлекеттик Кеӊешинин Премьери Ли Кэцян Ташкент шаарында ШКУнун мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын отурумунда 5-жылдын ичинде кытай тарап ШКУнун мүчө-мамлекеттеринин мектеп окуучулары үчүн  (2000 балага) жайкы лагерин Кытайда уюштурарын айткан. 2014-жылда Таджкистандын окуучулары, 2015-жылы Орусиянын окуучулары, 2016-жылы Кыргызтандын окуучулары, 2017-жылдын Казакстандын окуучулары катышкан. Аталган лагерь 2018-жылдын 6-15-июлунда өтөт.

Ачылыш аземде Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчиси А.Усенов, КЭРнын Билим берүү министрлигинин орун басары Тянь Сюецзюнь жана Казакстан, Орусия жана Таджикистан элчиликтеринин башчылары жана өкүлдөрү катышты.

Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министринин орун басары Тянь Сюецзюнь коноктордун астында азем сөзү айтып жатканда Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын жана Таджикистандын окуучулары Кытайга келген сапар учурунда Кытайдын тарыхын, маданиятын жакшы түшүнүү жана бири бири менен достук мамилелери пайда болуп, андан тышкары эл аралык кызматташуунун өнүгүшүнө чоӊ түрткү болорун айтып кетти.

Ссылка: https://barometr.kg/pekin-shaarynda-shanhaj-kyzmattashtyk-uyumunun-mch-mamleketterinin-mektep-okuuchulary-chn-el-aralyk-zhajky-lagerdin-achylysh-azemi-tt



Добавить комментарий