Парламентте Улуу Ата мекендик согушта курман болгондордун жакындарына кепилдиктерди берүүдө талаш жаралды

26 сентябрь 2018 17:31 1124 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн Жогорку Кеӊеште Улуу Ата мекендик согушта курман болгон же дайынсыз жоголгон адамдардын жакындарына социалдык кепилдиктерди берүүгө багытталган мыйзам каралды. Депутат Исхак Пирматов тармактык комитет Өкмөттүн сунушу боюнча мыйзам долбоорун четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алганын билдирди. 

«Бул жерде кандайдыр бир саясат деле жок, жакшы долбоор. Комитет жыйындарында көп талкуу жүрдү, ар кандай пикирлер айтылды. Өкмөт мыйзам кабыл алынып калса, аны аткарууга эч мүмкүнчүлүк жок экенин билдирди. Алардын айтымында, аны каржылоо булагы табылган эмес. Ал үчүн кеминде 20 млрд сом керек. Азырынча бюджетте анчалык каражат жок», - деди ал. 

Депутат Наталья Никитенконун айтымында,  20 миллиард сом эмес, жылына болгону 3 миллион сом керектелээрин айтты. Ал эми депутат Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, ата-бабалардын арбагын сыйлап, жакшылап издесе каражат табылат, ошондуктан мыйзам долбоорун тармактык комитетке экинчи окуунун режиминде кайра кайтаруу керек. 

«Тойлорго 10 миллион сомдон коротобуз, ал эми согушта каза болгондордун жакындарына ата-бабаларынын жаткан жерин көрүп келүүгө акча жок дейбиз. Ушундай кантип болсун?», -деди эл өкүлү.

Натыйжада мыйзам артка кайтарылды.

Ссылка: https://barometr.kg/parlamentte-uluu-ata-mekendik-sogushta-kurman-bolgondordun-zhakyndaryna-kepildikterdi-berd-talash-zharaldy



Добавить комментарий