Исхак Пирматов чет өлкөгө чыгып кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулду

22 июля 2021 14:25 1601 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматовдун баш коргоо чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотуна шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Аталган маалыматка таянсак, бул токтом 15-июлда чыгарылган. Исхак Пирматов  чет өлкөгө чыгып кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулду.

Эскерте кетсек, Пирматов жана башка саясатчылар 31-майда “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруудагы коррупция фактылары боюнча кармалышкан. Пирматов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына камалган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ishak-pirmatov-chet-lkg-chygyp-ketp-tuuraluu-til-kattyn-negizinde-boshotuldu



Добавить комментарий