Видео. Парктын тепкичтерине унаасын айдаган жигит кечирим сурады
Поделиться в:
Ош шаарындагы Токтогул паркынын кире беришиндеги жаңы жасалган тепкичтерин автоунаасы менен талкалаган жигиттин видеосу бүгүн катуу талкууга түштү. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, окуя 10-июнга караган түнү болгон.
Бул окуяга шектелип бүгүн эртең менен Кара-Суу районунун 1998-жылы туулган Б.К. аттуу тургуну кармалган.
Ал тартип сакчыларынын суроолоруна “Жол караңгы экен, байкабай кирип кеттим. Бардык Ош шаарынын тургандарынын кечирим сурайм. Кетирилген чыгымдарды төлөп берем”,- деп айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/parktyn-tepkichterine-unaasyn-ajdagan-zhigit-kechirim-surady
Добавить комментарий ×