Панфилов районунда атышуу болуп, эки адам жаракат алды
Чүй областынын Панфилов районунда ок атуудан эки адам жабыркап, бейтапканага жаткырылды. Бул тууралуу Чүй областынын ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Аталган маалыматка таянсак, 24-июлда Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканага эки жабырлануучу ок атуудан жабыркап жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн. Алар 1991-жылы туулган И.А., жана 1997-жылы туулган Ш.Т., болгон.
Бул маалыматтын негизинде дароо Панфилов РИИБдүн жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышкан. Териштирүү учурунда жогорудагы жарандар Орто-Кайырма айылындагы көчөлөрдүн биринен бейтааныш жаран менен пикир келишпестиктен улам жаракат алышканы маалым болгон.
Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга катыштыгы бар деген шек менен 1980-жылы туулган К.Н. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилип анын травматикалык тапанчасы алынган.
Учурда окуянын себептерин аныктоо үчүн ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/panfilov-rajonunda-atyshuu-bolup-eki-adam-zharakat-aldy
Добавить комментарий ×