Эркек киши аялын өлтүрүп, андан соң өз жанын кыюуга аракет кылды

26 июля 2021 15:45 2304 Barometr
Поделиться в:
ok

Аламүдүн районунун Ак-Жар айылында жергиликтүү тургун күйөөсүнүн колунан каза тапты. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” билдирет.

Аталган маалыматка таянсак, 26-июлда саат 07:23 чамасында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Ак-Жар айылында бычактан жаракат алуу фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн.Аламүдүн РИИБнүн тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышкан, ал жерге барганда аялдын жансыз денесин табышкан Алдын ала маалымат боюнча ал бычактан жаракат алган, 1986-жылы туулган И.Г. болуп чыкты.

Мындан тышкары, бычактан жаракат алган 1983-жылы туулган З.Ж. атуу жаран тез арада ооруканага жеткирилген.

Аталган факт Аламүдүн РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130 (адам өлтүрүү ) беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталып, керектүү экспертизалар дайындалды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, күйөөсү аялына бычак менен кол салып, аны өлтүрүп, өз жанын кыюуга аракет кылгандыгы белгилүү болду.

Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/erkek-kishi-ayalyn-ltrp-andan-so-z-zhanyn-kyyuuga-araket-kyldy



Добавить комментарий