Ошто жашы жете элек кызды никеге мажбурлоо фактысы боюнча текшерүү жүрүп жатат
Ошто жашы жете элек кызды никеге мажбурлоо фактысы боюнча текшерүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
15-апрелде милицияга 52 жаштагы аял кайрылып, 2003-жылы туулган кызын 1998-жылы Кара-Суу районунда туулган жаран ала качып кеткенин айтып арыз берген. Ал ала качкан жигитке карата чара колдонууну суранган.
Көрсөтмө берген маалда кыз жигит менен көптөн бери тааныш экенин жана эч кандай зордук-зомбулуксуз жыныстык мамилеге барып жүргөнүн жана өз эрки менен анын аялы болууну каалаганын айткан. Бирок жабырлануучу тарап кыз мындай кат жүзүндөгү көргөзмөнү күйөө баланын туугандары тараптан кысым болгондуктан бергенин ырасташууда.
Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Кылмыш кодексинин 177-беренеси - “никеге турууга мажбурлоо” боюнча катталып, экспертиза дайындалды. Кыздын денесиндеги жаракаттары бар-жогун аныктоо жана алынган кийимдери боюнча соттук-биологиялык экспертизалар дайындалды.
Добавить комментарий ×