«Кепилдик фонд» ААКсы аялдардын ишкердигин колдоону улантууда

10 сентябрь 2025 10:48 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Кепилдик фонд» ААКсы Кыргызстанда аялдар бизнесин өнүктүрүүгө активдүү көмөк көрсөтүүнү улантууда. 2025-жылдын башынан бери жана 1-сентябрга карата ишкер аялдарга берилген кепилдиктердин үлүшү берилген кепилдиктердин жалпы санынын 41%ын түздү.

Бул мезгилде жалпысынан 309 миллион сомдон ашык суммага 390 кепилдик берилип, бул ишкерлерге экономиканын түрдүү тармактарында долбоорлорду кеңейтүү жана ишке киргизүү үчүн 1 миллиард 287 миллион сомдон ашык кредиттик каражаттарды тартууга мүмкүндүк берди.

«КФ» ААКсы өзүнүн ишмердүүлүгүнүн бардык мезгилинде жалпы суммасы 3 миллиард 616 миллион сомдон ашык суммага ишкер аялдардын 4 597 долбоорун колдоого алып, 10 миллиард 734 миллион сомдон ашык суммадагы кредиттерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылган.

Кепилдик колдоо алган аялдар Кыргызстандын бардык аймактарынын өкүлдөрү болгон айыл чарба, соода, тейлөө жана башка тармактарда бизнес идеяларын ийгиликтүү ишке ашырууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kepildik-fond-aaksy-ayaldardyn-ishkerdigin-koldoonu-ulantuuda



Добавить комментарий