Ошто "Казак" аттуу крим төбөл кайрадан кармалды

18 января 2020 11:04 3038 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаардык милициясынын маалыматы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун "Казак" аттуу мүчөсү кармалды.

Ага ылайык, крим төбөл 16-январдан 17-январга караган түнү "Народный" дүкөнүнө кол салган деп айыпталууда.

Белгилей кетсек, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жашы жете элек кызды зордуктоо, Ош шаарынын мурдагы мэри Аймамат Кадырбаевдин агасына кол салган деп да шектелүүдө. "Казак" соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Кийин коомдо нааразычылыктар чыкканда президент шектүүнү коё берген сотту кызматтан алган.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-uyushkan-kylmyshtuu-toptun-kazak-attuu-mchs-karmaldy



Добавить комментарий