Ошто каналга түшүп кеткен 3 жашар баланын жансыз денеси табылды
Поделиться в:
Ошто Увам каналына түшүп кеткен 3 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Эскерте кетсек, Ош шаарындагы Увам каналына 30-апрель күнү түшкө жуук сууга 2019-жылы туулган эркек бала түшүп кеткени кабарланган. Баланы издөө иштерине Ош шаардык Куткаруу кызматынан жалпы 14 куткаруучу жана ИИМден 7 кызматкер тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-kanalga-tshp-ketken-3-zhashar-balanyn-zhansyz-denesi-tabyldy
Добавить комментарий ×