Ошто рейд учурунда "Дженго" каймана аты менен белгилүү болгон кылмышкер кармалды

30 января 2020 11:06 1443 Barometr
Поделиться в:
ok

Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

2020-жылдын 23-январдан 25-январга чейин Ош шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүү максатында ИИМдин планына ылайык “Бандит” аталышындагы ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чарасы өттү. Жогорудагы чаралар уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу, ИИМдин ыкчам каттоосунда УКТнын лидерлери же мүчөсү катары турган адамдарга алдын алуу иштерин жүргүзүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн издөөдө жүргөндөрдү аныктооого багытталган. 

Ошондой эле ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүү фактыларын аныктоо, экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүккө бөгөт коюу менен жол бербөө боюнча дагы иш-чаралар жүргүзүлдү.

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын алдына коюлган тапшырмаларды бири болуп, уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо, эскертүү жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам алдын алуу иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү боюнча аймактык бөлүмдөргө практикалык жардам көрсөтүү эсептелет. 

Бул операциянын планына ылайык күчтөр жана каражаттар эсептелип, Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын, Ош ШИИБдин КМКнын, Атайын операциялар отрядынын, ЭММКАКтын бөлүмдөрү жана башка кызматтар тартылган. Жогоруда көрсөтүлгөн ыкчам-алдын алуу иш-чарасы “Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлгөн. 

Ички иштер органдары бирдиктүү мобилдик тобу калк топтолгон жерлерди (мейманкана, түнкү клуб, кафе-бар) текшерүүгө алышкан. ИИМдин ыкчам каттоосунда УКТнын мүчөсү катары турган 31 жаран, анын ичинде “Дженго” каймана ата менен белгилүү К.Д. дагы алдын алуучулук маектешүү үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгына, Ош ШИИБге жеткирилген. Алардын колунун манжаларынын издери алынып, сүрөткө тартышып, расмий эскертүү берилди. 

Жашаган жерлери боюнча ИИМдин ыкчам каттоосунда УКТнын мүчөсү катары турган 35 жаранга дагы алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Аталган ыкчам-иликтөө жана алдын алуу иш-чарасын жүргүзүү учурунда 59 кылмыш ишинин бети ачылып, бейбаштык фактысына шектүү катары УКТнын мүчөсү катары ыкчам каттоодо турган жаран У.М. кармалды. 

Андан сырткары, ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн төрт жаран кармалып, дайынсыз жоголгон эки жарандын кайда жүргөндүгү аныкталды. Автотранспорт каражаттарын текшерүүнүн жүрүшүндө 28 жол кыймылынын эрежесин бузуу, анын ичинде 6 факты транспорт каражаттарын мас абалында башкаруу, автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз караңгылаткан 22 факты аныкталды.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча ыкчам-иликтөө жана алдын алуу иштерин улантылып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-iim-rejd-tkrd



Добавить комментарий