Ошто дүкөндүн жанынан эркек кишинин сөөгү табылды
Ош шаарында «Монро» кийим сатуучу дүкөнүнүн жанынан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Шаардык милициядан кабарлашкандай, 35-40 жаштар чамасындагы эркек кишинин сөөгү 6-ноябрда Ж.Райымбеков көчөсүндө табылган. Бул факты боюнча материалдар Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүндө кылмыштардын жана жосундардын бирдиктүү реестирине катталды.Сотко чейинки өндүрүш башталды.
Милициядан аталган адам карап шапке, кышкы көк түстүү куртка, спорттук кара түстөгү шым, кара түстүү кроссовка кийип жүргөнүн, арыкчырай, кара тору, кыска чачтуу, сакал муруту бар экенин эскертип, бул адам тууралуу маалымат билгендер болсо 0551 62 10 41 телефонуна байланышууну өтүнүштү.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-dkndn-zhanynan-erkek-kishinin-sg-tabyldy
Добавить комментарий ×