Кыргызстандыктар кайсы оорудан көп каза болууда?
Поделиться в:
2021-жылы жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза тапкандардын саны 19 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
Дарыгер мунун себебин COVID-19дун таасири менен түздөн-түз байланыштырды. Көпчүлүк жүрөк кан-тамыр оорулары коронавирустук инфекциянын кесепеттеринен улам оор формаларга өтүп кетүүдө.
Улуттук статистикалык комитет берген маалыматка таянсак, 2021-жылдын 7 айында жүрөк-кан тамыр ооруларынан 11 миң 373 адам каза тапты. Бул 2020-жылдын 7 айына салыштырганда 733 адамга көп.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyktar-kajsy-oorudan-kp-kaza-boluuda
Добавить комментарий ×