Ошто аялдар 5 күндө үч кишини өлтүрдү

24 апреля 2019 15:00 4658 Barometr
Поделиться в:
ok

Акыркы беш күндө аялдын катышуусу менен Ошто үч киши каза тапкан. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.   

18-апрелде 1978-жылы туулган Оштун тургуну кармалган. Ал 17-апрелде күйөөсү менен чатакташа кетип аны көкүрөккө отвертка менен сайып салган. Эркек киши ооруканада каза тапты.

19-апрелде 1961-жылы туулган аял өз үйүндө бычакталган. Бул кылмышка шектүү делип 1974-жылы туулган анын кызы кармалды.Чатак акча маселелерине байланыштуу чыккан.

22-апрелде Ош шаарына караган Учар айылындагы дачада Мамат аттуу адамдын сөөгү табылган. Бул кылмышка шектүү катары 1971-жылы туулган дачанын кожойкеси кармалды. Аял эркек киши зордуктамак болгондо бычак менкен сайып салганын айткан.

Учурда шектүүлөр кармалып тергөө башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-ayaldar-5-knd-ch-kishini-ltrd



Добавить комментарий