Ош шаарындагы сауналардын биринде сойкукана бар экендиги аныкталды
Поделиться в:
Ош шаарындагы сауналардын биринде сойкукана бар экендиги аныкталды.
Ош шаарынын ИИБ маалымдагандай, 1-июнда Супаналиев атындагы көчөдөгү саунаны текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Анын негизинде, саунада сойкулук иш менен алектенген үч айым бар болуп чыккан. Өздөрүнүн кызматы үчүн кыздар саатына 600 сомдон алып келишкен.
Бул факт боюнча сойкулук иш үчүн сойкукана уюштуруу жана аны кармоо беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы учурда тергөө амалдары жүруп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaaryndagy-saunalardyn-birinde-sojkukana-bar-ekendigi-anyktaldy
Добавить комментарий ×