Ош шаарында бычактан алган жаратынан улам 8-класстын окуучусу каза болду

30 мая 2019 14:17 1785 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 30-майда Ош облустук балдар ооруканасында, денесинен жарат алып, 2004-жылы туулган бала каза болду.Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ал Ош шаарынын «Кыргызстандын 40 жылдыгы» мектебинин 8-классынын окуучусу Самат Акматов бычакталган. Аны бычактаганга шектүү катары андан бир жашка улуу Д.у Н. кармалды. Тергөөнүн алгачкы маалыматтарынга караганда балдар мектептен чыгып келе жатып, мектептен алыс эмес жайда жайгашкан дүкөн алдында өз ара айтышып кеткен. Натыйжада шектүү маркумга учтуу нерсе менен сайып жиберген. Учурда иликтөө башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaarynda-bychaktan-algan-zharatynan-ulam-8-klasstyn-okuuchusu-kaza-boldu



Добавить комментарий