Ош шаарында апасы ифтарда жүргөндө 19 жаштагы кызын зордуктап кетишти

28 мая 2019 13:34 12640 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаарында зордуктоого шектелип 24 жаштагы жигит кармалды. Аталган шаардын ички иштер башкы башкармалыгы бул фактыны тастыктады. 

Жабырлануучу катары 19 жаштагы кыз экени айтылууда.

Окуя 22-майда болгон. Бирок укук корго органдары бул фактыны 24-майда каттаган.

Болжолдуу маалыматтарга караганда зордуктоого шектелип жаткан жигит жабырлануучунун апасынын жакын таанышы болгон. Ал булардын үйүнө көп келип, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ишенимине кирген.

Ошол күнү да келип, кызга түнөгөнгө жер жоктугун айып, калып калууну суранган. Андан соң кыздын апасы ооз ачарга кеткенде ошол учурдан пайдаланып, зордуктаган.

Ош шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы иликтөө иштери жүрүп жатканын айтты.Тиешелүү экспертиза дайындалды.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaarynda-apasy-iftarda-zhrgnd-19-zhashtagy-kyzyn-zorduktap-ketti



Добавить комментарий