Орус акыны: "Кыргыздардан эркиндикти эч ким тартып ала албайт"
Орусиялык акын Максим Фемин кыргыздардын эркиндиги тууралуу ыр чыгарды. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасы таянып «Барометр» билдирет.
«Кыргыздардан эркиндикти эч ким тартып ала албайт» деп аталган ырды ал 5-июлда чыгарып, баракчасына жүктөгөн.
Анда кыргыз элинен эркиндикти эч ким тартып ала албаары, эркиндик кыргыздын жүрөгүндө экени баяндалат.
Ошондой эле, ырдын жанына ат минип турган калпак кийген кыргыз мырзасы тартылган.
Белгилей кетсек, бул ыр Феминдин кыргыздарга арналган алгачкы чыгармасы эмес. Буга чейин жол кырсыгына кабылган ырчы Асель Кадырбековага арнап ыр жазган. Кийин кыргыздарга болгон кызыгуусу артканбы, айтор кыргыз элине "Кыргыздарды "Киргиз" дебегиле", "Анара" аттуу айымга арнап ыр жазып, эми боз-үй тууралуу ыр чыгарсам деп илхом күтүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/orus-akyny-kyrgyzdardan-erkindikti-ech-kim-tartyp-ala-albajt
Добавить комментарий ×