Орус акыны Асель Кадырбековага арнап ыр чыгарды (Сүрөт)

29 июня 2020 18:10 9388 Barometr
Поделиться в:
ok

Орус акыны Максим Фемин учурда жол кырсыгынан жабыркап, комада жаткан Асель Кадырбековага ыр арнады. Аны Фемин интернеттеги баракчасына жарыялады. Бул тууралуу «Барометр» билдирет.

Анда ырчынын тагдыры, бир гана жараткандын колунда экени, Ысык-Көл менен аккан жашты ченөөгө мүмкүн эместиги айтылат.

 «Асель Кадырбекова - ырчы, алып баруучу, жана Кыргызстандык блогер. Акылдуу жана кадыр барктуу айым. 26.06.2020-жылы катуу жол кырсыгына кабылган. Баарыңар ден соолук тилеп коюңуздар. Асель, биз сен менен!», - деп жазган ырынын соңунда акын.

Эскерте кетсек, Нурлан Насиптин жубайы ырчы Асель Кадырбекова 26-июнда жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алган. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат жана абалы дагы деле оор бойдон калууда.

Ссылка: https://barometr.kg/orus-akyny-asel-kadyrbekovaga-arnap-yr-chygardy-srt



Добавить комментарий