Окуу жылы 1-сентябрда башталат

4 августа 2018 01:15 1201 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Билим берүү министрлиги кабарлагандай быйыл жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат. Маалыматка ылайык Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата жана аймактарды өнүктүрүү жылына байланыштуу бул күнү мектептерде маданий иш-чаралар уюштурулат. 

Жаңы окуу жылы 5 күндүк болгондугуна байланыштуу жана 1-сентябрь ишемби күнгө туш келгендиктен, балдар 4-сентябрда окуп башташат. Анткени өкмөттүн чечими менен 7-майдагы майрам көчмөндөр оюнуна байланыштуу 3-сентябрга которулган. 

Буга чейин окуу жылын балдардын ден-соолугуна байланыштуу 10-сентябрда башталсын деген Жогорку кеңештин депутаттарынын сунушу киргизилген. Талкуудан кийин ал сунуш четке кагылып, балдар кайрадан эле мурункудай 1-сентябрдан баштап окумай болушту. 

Ссылка: https://barometr.kg/okuu-zhyly-1-sentyabrda-bashtalat



Добавить комментарий