2021-2022-окуу жылында окуучулардын каникулдары кандай болот?
2021-2022-окуу жылында мектеп окуучуларынын каникулу аптасына беш күндүк окуу менен эсептегенде 29 календардык күндү түзмөкчү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Күзгү каникул 7-күн болот: 2021-жылдын 8-ноябрынан 14-октябрына чейин. Окуу 15-ноябрда башталат.
Кышкы каникул: 12 күн болот. 31-декабрдан 2022-жылдын 11-январына чейин. Окуу 2022-жылдын 12-январында башталат.
Жазгы каникул: 10 күн болот: 2022-жылдын 21-мартынан тартып 30-мартка чейин болмокчу. Окуу 2022-жылдын 31-мартында башталат.
Биринчи класстын окуучулары үчүн III чейректе кошумча апталык каникулдар киргизилет.
2021-2022-окуу жылы жалпы билим берүү мектептеринде окуу жеке менчиктин формасына жана түрүнө карабай 2022-жылы 8-июнда аяктайт.
Ссылка: https://barometr.kg/2021-2022-okuu-zhylynda-mektep-okuuchularynyn-kanikuldary-kandaj-bolot
Добавить комментарий ×