Обсервацияда жайгаштырылган жарандарга 3 маал ысык тамак-аш берилип жатат

6 апреля 2020 11:16 867 Barometr
Поделиться в:
ok

5-апрель күнү өлкө боюнча  752 010 погондук метр унаа жолдор  дезинфекцияланды. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Министрлик андан сырткары жасалган иштери тууралуу дагы кабарлады. Ага ылайык, жалпысынан  12077 орундук даярдалган.  Обсервацияда жайгаштырылган жарандарга 3 маал ысык тамак-аш берилип жатат. Өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блок постторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 56 мобилдик турак-үй орноштурулган.

Ошондой эле, 112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 7070 чалуу катталып, анын ичинен 528 коронавирус боюнча чалуу түшкөн, 3172 максатсыз чалуулар болгон.  

Өлкөдө уюштурулган постторго, дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу жана обсервацияда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү)  ӨКМ тарабынан 459 куткаруучу жана  119 унаа тартылган.

Ссылка: https://barometr.kg/observaciyada-zhajgashtyrylgan-zharandarga-3-maal-ysyk-tamak-ash-berilip-zhatat



Добавить комментарий