Нурдин Букуев ааламдын эң мыкты футзалдык клубун аныктаган мелдештин финалын тейледи

2 сентябрь 2019 09:00 4468 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык футзал калысы Нурдин Букуев “World Intercontinental Futsal Cup” мелдешинин финалын тейледи.

Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынын футзал Ассоциациясынан “barometr.kg” сайтына билдирди.

Континенттер аралык мелдеш 27-августтан 1-сентябрь күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында өтүп, финалда аргентиналык “Бока Хуниорс” менен бразилиялык “Магнус” клубдары беттешти. 

Беттеш кыргызстандык адис Нурдин Букуевдин ышкырыгы менен башталды. Негизги бөлүк 2:2 тең чыгуу менен аяктап, жеңүүчү пенальтилер сериясы менен аныкталды. Кезектешип тебүүдө бразилиялык “Магнус” клубунун футзалчылары мыкты болуп чыгып, беттешти жеңип, мелдештин чемпиондук наамын утуп алышты.

Белгилей кетсек, футзал боюнча “World Intercontinental Futsal Cup” эл аралык негизги мелдеш катары саналат. Жаңы 2019-2020-жылдагы сезондун ачылышы болгон мелдешке ааламдагы 5 континеттен алты команда катышып, дүйнөнүн эң мыкты футзалдык клубу аныкталат.  

Эске сала кетсек, Нурдин Букуев былтыр да ушул мелдеште Барселона – Магнус беттешин тейлеген.

Ссылка: https://barometr.kg/nurdin-bukuev-aalamdyn-e-mykty-futzaldyk-klubun-anyktagan-meldeshtin-finalyn-tejledi



Добавить комментарий