Видео. “EREM” футзал клубу Бурятиядагы эл аралык мелдеште биринчи беттешин тең-тең ойноду
Футзал боюнча Кыргызстандын чемпиону “EREM” клубу Орусиянын Бурятия Республикасындагы эл аралык мелдешке катышып жатат.
Бүгүн Улан-Удэ шаарындагы спорт сарайында “EREM” жергиликтүү “КПРФ РБ” командасы менен таймашып 1:1 менен аяктады.
“EREM” беттеште толук үстөмдүк кылганы менен жеңишти камсыздай албагынан кыргызстандык команданын башкы машыктыруучусу Данияр Абдыраимов “barometr.kg” сайтына билдирди.
“Биз башкача жыйынтык күткөн болчубуз. Ийгилик бүгүн биз тарапта болгон жок. Беттештин жүрүшүн толук көзөмөлгө ала алдык. Бирок, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады”, - дейт башкы машыктыруучу.
Белгилей кетели, “КПРФ РБ” Бурятия Республикасынын учурдагы чемпиону, Бурятия Республикасынын кубогунун жеңүүчүсү болуп саналат.
“Футзал боюнча XIV эл аралык Улан-Удэ шаарынын Кубогу” аталышындагы бул мелдеш Орусиянын Коммунисттер партиясынын демилгеси менен жыл сайын өтөт. Оштун “EREM” клубу 4-тайпада Бурятия Республикасынын “КПРФ РБ”, Монголиянын “ДЕРЕН” клубдары менен күч сынашууда. Кыргызстандын команда Монголиялык клуб менен эртең беттешет.
Эске сала кетсек, Данияр Абдыраимовдун командасы бул эл аралык мелдешке өткөн жылы да катышкан.
Добавить комментарий ×