“EREM” КРФА Кубогу мелдешинин чемпиону!

4 сентябрь 2019 15:53 2311 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын футзал Ассоциациясынын (КРФА) Кубогу мелдешин “EREM” клубу утту. Өлкөнүн футзал тарыхында алгачкы ирет өтүп жаткан бул мелдештин финалында оштук команда Казакстандын “Жетысу” клубун 5:4 эсебинде жеңип алды.

Бул боюнча “EREMдин” башкы машыктыруучусу Данияр Абдыраимов “barometr.kg” сайтына комментарий билдирип, Кыргызстандын футзалынын тарыхындагы алгачкы турнирди кыргызстандык команда жеңиши керек! деген бекем кайрат менен чыкканын айтты.

Былтыр ушул сыяктуу Ысык-Көл оюндары мелдешинин алкагында биз финалда Жетысуга 2:3 эсебинде утулган элек. Быйыл мындай турнир Кыргызстандын футзалынын тарыхындагы алгачкы жолу өтүп жатат. Ошондуктан аны жеңиш керек болчу. Футболчуларыбыз ал милдетти толук аткарды. Бул биздин команданын күн сайын тажрыйба алып жатканына далил”, - деди ал.

Кечээ мелдештин жарым финалында казакстандык “Жетысу” кыргызстандык “Форватер” командасын 5-1 эсебинде утуп финалга чыккан. Ал эми жарым финалдык экинчи жупта “EREM” клубу “Строймир” командасын жеңген болчу.

Мелдеш Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы Газпром комплексинде өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/erem-krfa-kubogu-meldeshinin-chempionu



Добавить комментарий