Ноокенде 28 жаштагы Динара Каримова дайынсыз болуп изделүүдө
Ноокенде 28 жаштагы Динара Каримова дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, Ноокен районунун Сакалды айылынын тургуну 1994-жылы туулган Динара Каримова 2022-жылдын 19-август күнү саат 12:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Учурда Каримова Динара Мырзамамитовнанын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 160-165 см, ак жүздүү, чачы кара кыска.
Кийген кийимдери: Көк түстөгү гүлдөрү бар ак көйнөк, кызыл түстөгү бут кийим.
Тел.: 102, (03734) 5 05 44, 0755 66 62 88.
Ссылка: https://barometr.kg/nookende-28-zhashtagy-dinara-karimova-dajynsyz-bolup-izdeld
Добавить комментарий ×