Ноокатта милиция кызматкерлери тандырдын ичинде күйүп жаткан жарандын өмүрүн сактап калышты
Ноокатта милиция кызматкерлери түнкү рейд учурунда жарандын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Ош облусунун аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында түнкү рейд улантылууда. 2019-жылдын 27-декабрдан 28-декабарга караган түнү түнкү рейдке чыккан милиция кызматкерлери Ноокат шаарынын борборунда жайгашкан тамактануучу жайдын самса жабуучу тандырдын ичинде күйүп баштаган жарандын өмүрүн сактап калышты. Болжол менен түнкү саат 01:15 чамасында түнкү рейдде жүрүшкөн милициянын учаасткалык уполономоченныйы милициянын ага сержанты Эрмекбай уулу Өмүрбек жана Жаш өспүрүмдөрдүн иши боюнча инспектор милициянын майору Уларбек Кожошовдор күзөттө жүргөн көчөдө тандырдын ичи түтөп жатканын байкап калышат. Башка кундөрү бул мезгилде бул жайда от жагылбаганын билишкен кыраакы милиция кызматкерлери эмне күйүп жатты экен?- деп карашкан учурда, самса жабуучу тандырдын ичинде эс учун жоготкон белгисиз жарандын кийимдери күйүп баштагандыгына күбө болушат. Ыкчамдык менен ал жаранды тандырдын ичинен алып чыгышып, күйүп жаткан кийимин өчүрушүп, алгачкы медициналык жардамды көрөтүшүп, медициналык тез жардамды чакырышат.
Медициналык жардам алган жаран өзүнө келип, учурда Ноокат райондук ооруканасында дарыланууда.
Ал жаран Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну 1982-жылы туулган А.А экендиги аныкталды. Ал жаран тандырдын ичине сыртта катуу суук болуп үшүгөндүктөн тандырдын ичине кирип жаткандыгын, тандырдын чогу өчпөгөндүктөн түтүнгө ууланып эс учун жоготуп койгондугун билдирди. Ал жарандын бут кийими жана курткасы жаңыдан күйүп баштаганда түнкү күзөттөгү милиция кызматкерлери байкап калышкан.
Түнкү рейд Ош облусунун бардык райондорунун аймагында жүргүзүлүүдө. Рейддин негизги максаты мал уурулуктун, жаш өспүрумдөр арасындагы кылмыштуулуктун, жол кырсыктарынын жана башка кылмыштардын алдын алуу болуп саналат. Рейд учурунда жергиликтүү тургундарга коопсуздук чаралары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Мындай рейддер жума сайын Ош облусунун бардык райондорунда өткөрүлүүдө
Ссылка: https://barometr.kg/nookatta-miliciya-kyzmatkerleri-tnk-rejd-uchurunda-zharandyn-mrn-saktap-kalyshty
Добавить комментарий ×