Видео.Назарбаев Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин президентикке көрсөтүп жатканда көз жашын көлдөттү

23 апреля 2019 14:22 15934 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 23-апрелде Nur Otan партиясынын XIX курултайында Казакстандын президентигине Касым-Жомарт Токаевдин талапкериги сунушталды. Бул тууралуу Zakon.kz. маалымдады.

Мамлекет башчысынын кезексиз шайлоосу 9-июнда болот.

Партиянын атынан Казакстандын президентигине талапкердин атын Nur Otan партиясынын төрагасы, елбасы Нурсултан Назарбаев атады.

“Нур отан партиясы мындан ары дагы өлкөнү өнүктүрүүгө өз күчүн бириктириши зарыл. Жаңылануунун позитивдүү жылыштарын ар бир казакстандык сезгендей натыйжага жетишүүбүз керек”,-деп айтты Назарбаев курултайда.

“Жыйынтыктоочу сөздү сүйлөп бүткөндөн кийин Нурсултан Назарбаев эмоциясын көрсөттү” деп жазышууда казак ЖМКлары.

"Елім менің, аңсаған" деген ырды аткарып жатканда президент ыйлап турду.

 Залдын баары Назарбаевди колдоп, анын колун кысып, кучактап жатышты.

Кечээ, 22-апрелде алгачкы талапкер Казакстанын Борбордук шайлоо комиссиясына өзүнүн документтерин тапшырды.  "Ұлы Дала Қырандары" республикалык кыймылынан Садыбек Тугел талапкерлигин койду.

Эскерте кетсек, март айында Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев кызматынан кетерин жарыялаган.

Ал 1990-жылы апрель айында президент катары кызматка киришкен. Ага чейин ал Казак ССРинин жогорку кызматтарында иштеген эле.

Назарбаев президенттик шайлоодо катары менен беш жолу утуп чыккан. Эмдиги президенттик шайлоо 2020-жылы өтмөк.

 

Ссылка: https://barometr.kg/nazarbaev-kasym-zhomart-tokaevdin-talapkerligin-prezidentikke-krstt



Добавить комментарий