Нарында майнинг ферманын мыйзамсыз иши токтотулду

21 июля 2021 10:42 2907 Barometr
Поделиться в:
ok

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери криптовалюта алуу боюнча майнинг-ферманын мыйзамсыз ишине бөгөт коюшту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Нарын шаарында «Б.Т.Б.» атуу жаран криптовалютаны мыйзамсыз алыш үчүн 118 даана түзүмдү орнотуп алган. Ал “майнинг-ферманы” жашыруу үчүн ферма жайгашкан жердин изолациясын жана вентиляциясын ылайыктап алган.

Учурда иликтөө иштерри жүрүп жатат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/narynda-majning-fermanyn-myjzamsyz-ishi-toktotuldu



Добавить комментарий