Нарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди

30 марта 2020 14:37 918 Barometr
Поделиться в:
ok

Нарын райондор аралык башкамалыгында учетто турган 600 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 50 килограммдык 1 мүшөк ун жана 3 литр суу май таркатылды. Бул тууралу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Аталган жардам “Ислам Ата” фонду тарабынан берилди. Ошондой эле “Ага Хан” фонду тарабынан 500 үй-бүлөгө азык-түлүк жана антисептиктер таркатылды. 

Калктын аярлуу катмарына жардам берүү иштери бир катар аймактарда аткарылууда. Буга чейин  Талас облусунда дагы жардамга муктаждарга бир мүшөк ун менен күрүч таркатылган. 

Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус 94 кишиден табылган. 

Аларды аймактарга бөлүп караганда абал төмөнкүдөй:

Жалал-Абад облусунда – 50, Ош облусунда – 24, Чүй облусунда – 3, Баткен облусунда – 1, Ош шаарында – 8, Бишкек шаарында – 7, Нарын облусунда – 1 учур.

Ссылка: https://barometr.kg/narynda-az-kamsyz-bolgon-j-bllrg-zhardam-berildi



Добавить комментарий