“Альянс Алтын” компаниясынын акционерлери Таласта аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун менен күрүч таратты

27 марта 2020 12:08 1209 Barometr
Поделиться в:
ok

Жер үй кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясынын акционерлери Талас облусунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун менен күчүр таратты. Бул тууралуу “Альянс Алтын” компаниясынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жаныкулов билдирди.

Ал өз сөзүндө буга чейин компания тарабынан Талас облусунда коронавирус менен күрөшүү үчүн 16 миллион сом бөлүнгөнүн айтты. Ошондой эле, коргоочу кийимдер, колкаптар, беткаптар жана дарыгерлерге желим өтүктөр берилген.


Бүгүнкү күнү ун менен күрүч алынып келип, ал 277 үй-бүлөгө бир мүшөктөн берилди. Негизинен ал социалдык абалы начар болгондорго берилет. Ошондой эле азык-түлүк ала албай калгандарга да таратылат.

“Азыр ун менен күрүч келди. Аны райондорго таратабыз”, — деди ал.

Ошондой эле облуста дезинфекция жүргүзүү үчүн 3,5 тонна хлорка келди.

“Буга чейин болгон эмес, аны тараткандан кийин бардык айылдарда дезинфекция жүргүзүлөт”, — деди ал.

Жерүй алтын кенинин инвесторлору бөлгөн 10 млн. сомдук жардамдын дагы бир траншы Таласка келди. 831 миң сомдук ун, күрүч жана аймактарды дезинфекциялоо үчүн 500 миң сомдук гиплохларит областтык штабка өткөрүлүп берилди.


"Альянс Алтын" Талас облусундагы Жерүй кенин иштетет.

Компания буга чейин Талас районундагы Бекмолдо айыл өкмөтүндөгү айылдардын көчөлөрүн дезинфекциялаган болчу. 

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-kompaniyasy-talasta-az-kamsyz-bolgon-j-bllrg-un-menen-krch-taratuuda



Добавить комментарий