Мурат Суталинов эркиндикке чыккан жок

15 февраля 2019 17:45 2985 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ленин райондук соту УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновду абактан бошотуудан баш тартты. Мындай чечим бүгүн 15-февралда Ленин райондук сотунда айтылды. Мындай чечимдин кабыл алынышына Суталиновдун абак-жайынын айрым эрежелерин бузганы башкы себеп болгон. Ал эми Мурат Суталинов биринчи инстанцияда арызданбай тургандыгын сот залынан чыгып бара жатып билдирди. Анткени баары бир жыйынтык чыкпайт, дейт ал.

Эске салсак, УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновду бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркап жаткандыгына байланыштуу, абактан чыгаруу сунушу каралган. Учурда ал химиотерапияны абактын ичинен алып жатат. Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны жетектеп, 2010-жылдагы 7-апрелде болгон кандуу көтөрүлүштө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, курал колдонгон деген айып менен 20 жылга кесилген. 


Ссылка: https://barometr.kg/murat-sutalinov-erkindikke-chykkan-zhok



Добавить комментарий