Сот Азамат Дыйканбаевди 20-июлга чейин камакта калтырды

21 мая 2021 10:38 1739 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Бишкектин Биринчи май райондук соту, кечээ, 20-майда пара талап кылууга шектүү министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары - санарип өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаевди 20-июлга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Дыйканбаев "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашырып жаткан чет элдик компаниянын өкүлүнөн пара алды деп шектелип жатат. Ал кечээ иштен бошотулуп, ордуна Дастан Догоев келди.

Бишкекте, кечээ, 20-майда пара талап кылуу фактысы боюнча Азамат Дыйканбаев кармалган болчу.

Эске сала кетсек,  35 жаштагы Азамат Дыйканбаев 2021-жылдын 5-майында - министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - санариптик өнүгүү министри болуп дайындалган. Ага чейин ал Байланыш боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турган.

Ссылка: https://barometr.kg/sot-azamat-dyjkanbaevdi-20-iyulga-chejin-kamakta-kaltyrdy



Добавить комментарий