Атайын кызматтын экс-жетекчиси Суталинов эркиндикке чыгабы?

30 января 2019 09:15 8693 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн 30-январда Бишкектин Ленин райондук соту мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновду эркиндикке чыгаруу боюнча арызын карайт. 

Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлагандай, Мурат Суталинов рак оорусу оорлошуп, өтүшүп кеткендиктен ал сотко кайрылган.

Сот бул маселеге көңүл буруп бүгүн кароону чечкен.

Мурат Суталинов 2010-жылы мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси болуп иштеген. Апрель окуясынан кийин 20 жылга соттолгон. 

Ссылка: https://barometr.kg/atajyn-kyzmattyn-eks-zhetekchisi-sutalinov-erkindikke-chygaby



Добавить комментарий