«Мурас-Ордо» конушунда жаңы мектеп ачылат
Поделиться в:
Бишкек шаарындагы “Мурас-Ордо” жаңы конушунда жаңы мектеп ачылат. Бул тууралуу мэрияда өткөн жыйында белгилүү болду.
Капиталдык коомдук-мамлекеттик курулуш башкармалыгынын башчысы Ренат Айтымбетовдун айтымында, анын курулушу 2017-жылы башталган. Мектеп 550 орунга эсептелген. Аны аяктап жана ишке киргизиш үчүн 2019-жылы 126 миллион сом керектелет.
Мектептин жалпы баасы 255 миллион сомду түзөт.
Ссылка: https://barometr.kg/muras-ordo-konushunda-zhay-mektep-achylat
Добавить комментарий ×