Муфтийди шайлоо 24-июнда өтөт. Талапкерлердин тизмеси

17 июня 2021 09:58 2652 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Кечээ, 16-июнда Аалымдар кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы муфтийликке арыздарды кабыл алууну аяктады. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, муфтий болуу үчүн тогуз талапкер арыз берди. Алар:

1. Нурбек Токтогулов;

2. Султанали Гапуров;

3. Шүкүр Исмаилов;

4. Нематилла Жээнбеков;

5. Ниязали Арипов;

6. Убайдулла Сарыбаев;

7. Шакир Маматов;

8. Сайдамир Джейналиев;

9. Замир Ракиев.

Муфтийликке шайлоо сынагы 24-июнда болот.

Эскерте кетсек, Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгү, муфтийликке жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына сынак быйыл 17-февралда жарыяланган.

11-февралда Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан арызын карап, канааттандырган. Азыр муфтийдин милдетин Жоробай Шергазыев аткарууда.

Ссылка: https://barometr.kg/muftijdi-shajloo-24-iyunda-tt-talapkerlerdin-tizmesi



Добавить комментарий