Самидин Атабаев Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп дайындалды
Самидин Атабаев Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтий Абдулазиз Закиров кол коюп, жамаатка тааныштырды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Самидин Атабаев буга чейин Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы кызматын аркалап келген.
Өмүр таржымалы:
Атабаев Самидин Абдираимович 1973-жылдын 27-декабрында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Комсомол айылында жарык туулаган.
Өзгөн районуна караштуу «Комсомол» орто мектебине кабыл алынып, 1991-жылы бүткөн.
1991-1995-жылдары Бишкек шаарында жайгашкан «Азрети Умар» атындагы Кыргызстан Ислам институтун ийгиликтүү аяктаган. 1995-1996-жылдары Бишкек шаарында аскердик кызматын өтөгөн.
2002-2006-жылдары Казань шаарындагы Россия Ислам университетин ийгиликтүү аяктаган.
Мындан сырткары, 2016-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүп, «юриспруденция» адистигине ээ болгон.
Ошондой эле 2020-жылы КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн Гуманитардык жана аймактык изилдөөлөр институтуна тапшырып, учурда аталган инситуттун аспиранты.
Үй-бүлөлүү, эки уул, төрт кыздын атасы.
Ссылка: https://barometr.kg/samidin-atabaev-osh-shaarynyn-musulmandarynyn-kazysy-bolup-dajyndaldy
Добавить комментарий ×