Москвадан Бишкекке учуп келген 402 жарандын бирөө кайта Россияга кетирилген

30 марта 2020 15:08 2820 Barometr
Поделиться в:
ok

29-мартта Россиянын Москва шаарынан жалпысынан 402 жүргүнчү учуп келген. Алардын 401и Кыргызстандын жараны болгон. Алардын бардыгынан экспресс-тест алынып, обсервацияга алынды. Учуп келген бир жаран Россиянын жараны болгондуктан кайта ошол чартердик рейс менен Россияга жөнөтүлгөн. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат жыйында билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус 94 кишиден табылган. 

Аларды аймактарга бөлүп караганда абал төмөнкүдөй:

Жалал-Абад облусунда – 50, Ош облусунда – 24, Чүй облусунда – 3, Баткен облусунда – 1, Ош шаарында – 8, Бишкек шаарында – 7, Нарын облусунда – 1 учур.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvadan-bishkekke-uchup-kelgen-402-zharandyn-bir-kajta-rossiyaga-ketirilgen



Добавить комментарий