Москвадан Бишкекке 402 кыргызстандык учуп келди

29 марта 2020 19:46 1335 Barometr
Поделиться в:
ok

«Манас» эл аралык аэропортунда 29-мартта Россиянын Москва шаарынан «Аэрофлот» авиа каттамынын чартердик рейси менен 402 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Авиа жүргүнчүлөр менен катнашты азайтуу максатында аэропортто рейсти тосуу перрондо уюштурулду.

Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус 84 кишиге жукканы тастыкталды. Алардын үчөө реанимацияда. 

Ссылка: https://barometr.kg/moskvadan-bishkekke-402-kyrgyzstandyk-keldi



Добавить комментарий