Кыргызстанда коронавирус жуктургандар 84 кишиге жетти
Поделиться в:
Кыргызстанда коронавирус жуктургандар 84 кишиге жетти. Бир суткада жаңы 26 учур катталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов маалымат жыйында билдирди.
Ал ошондой эле үч кишинин абалы оор болуп, реанимацияда экенин кошумчалады. Ноокатта эки киши, Сузакта бир киши реанимацияда.
Бардык жаран учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Аймактарга бөлүп караганда жаңы учур катталгандардын саны мындайча: Жалал-Абад облусунда 13, Ош облусунда 6, Чүй облусунда 2, Бишкек шаарында 4 жана Нарында 1 учур катталды.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirus-zhukturgandar-84-kishige-kbjd
Добавить комментарий ×