Кыргызстанда коронавирус жуккан үч киши реанимацияга түштү

29 марта 2020 12:40 1916 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 84 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, бир суткада жаңы 26 учур аныкталган. Чүй облусунда – 2, Бишкек шаарында – 4, Нарын шаарында – 1, Ош облусунда – 6 учур, Жалал-Абад шаарында – 13 учур. Булардын бардыгы обсервацияга алынды, врачтардын көзөмөлүндө болуп жатышат.

Мамбетов андан сырткары коронавирус жуккан үч киши реанимацияга түшкөнүн кошумчалады. Алар Ноокат районунда эки киши, Сузак районунда бир киши.

«Учурда республика боюнча обсервацияда жаткан жарандардын саны – 4886.  Үй карантинде көзөмөлдөнүп жаткан жарандардын саны – 3338», - деди  Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Мамбетов.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirus-zhukkan-ch-kishi-reanimaciyaga-tsht



Добавить комментарий