Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаңы-жылдык белектер тартууланды

27 декабря 2019 15:29 735 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова борбор шаарга канатташ жайгашкан Сокулук районунун Жаңы-Жер айылына атайын барып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жаңы-жылы менен куттуктап келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө ар улуттун өкүлдөрүнөн турган 10 миңден ашуун калк ынтымак менен жашап-иштеп келишет. Тилекке каршы, бул айылда да тагдырдын жазмышы менен майып болуп калган балдар жок эмес. 

Мына ушул тагдыр өгөйлөгөн балдарды ар нерсеге үйрөтүп, ата-энелеринин түйшүгүн жеңилдетүү максатында «Жакшы жашоого акылуу» деген коомдук фонд иш алып барып жаткан. Аталган фондду жалпыга белгилүү сиям эгиздери Зита менен Гитанын апасы Зумрият Резаханова түзгөн. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова мына ошол «Жакшы жашоого акылуу» коомдук фонду мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн уюштурган жаңы-жылдык иш-чарага барган. 

Эл өкүлү балдарга белек-бечкектерин берип, алардын маанайын көтөрүп кошо бийлеп, кирип келген жаңы жыл менен куттуктады.

Ссылка: https://barometr.kg/mmknchlg-chektelgen-baldarga-zhay-zhyldyk-belekter-tartuulandy



Добавить комментарий