Кайгуул кызматын туурап, унааларды токтоткон бөбөктөр сыйланды

20 марта 2023 16:47 674 Barometr
Поделиться в:
ok

Соцтармакта унааларды токтотуп,
жол кайгуул кызматынын кызматкерлерин туурап, айдоочуга коопсуздук курун тагынуу керек экенин эскерткен бөбөктөр сыйланды. Бул тууралуу кайгуул кызматынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, бөбөктөргө Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери,  башкармалыктын атынан белектерди тапшырышты.

Бөбөктөрдүн улуусу Алымбек учурда жети жашта, анан иниси Адилет беш жашта жана кошунасы Байхан алты жашта, бул бөбөктөр Бишкек шаарынын 1-май районунда жашашат. Алымбек Бишкек шаарынын 18-мектебинин окуучусу. Келечекте жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында кызматкерлеринин катарын толуктоону максат кылат.

“Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери, бөбөктөр жолдо унаа каражаттарын тосуп ойноо, балдардын өмүрүнө коркунуч жаратаарын ата-энелерине түшүндүрүштү”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/soctarmakta-unaany-toktotup-zdrn-kajguul-kyzmatynyn-kyzmatkeri-bolobuz-dep-taanyshtyrgan-bbktr-syjlandy



Добавить комментарий