Мирлан Жээнчороев: "Бала билим алган күндө гана жакырчылыктан чыга алат"

24 декабря 2018 16:34 899 Улукман Бейшеналиев
Поделиться в:
ok

«Кырыгызстан үчүн жылына 9 миң бала мектептеги окуусун аягына чыгарбаганы абдан өкүнүчтүү». Мындай  пикирин бүгүн, 24-декабрда депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда билдирди.

«Үй-бүлөдө ар кандай көйгөйлөр чыгат же жетишпеген жашоодон улам окубай калган учурлар болот. Аларды кантип милдеттүү түрдө окугула деп кыйнайсыңар?» деди эл өкүлү.

Мыйзам долбоорунун демилгечилердин бири депутат Мирлан Жээнчороев бала билим алган күндө гана жакырчылыктан чыгарын айтты.

«Жетишпеген турмушта жашап, бирөөдөн кайыр сураганча кесиптик окуу жайларда 2 жыл билим алганы жакшы жетишкендик. Ата-эне баланы жарык дүйнөгө алып келгенден кийин аларга таттыктуу тарбия, билим бериш керек. Баласын окутууга 2 жыл чыдап койсо, ал орто билимге ээ болуп калат. Ал үчүн мамлекет кам көрүп берет. Баласы көчөдө араба түртпөй, өз шыгына жараша кесиптерге ээ болот»,- деди Жээнчороев.

Жээнчороев аталган мыйзам долбоору тууралуу премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев менен да сүйлөшүүлөр болуп жатканын кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/mirlan-zheenchoroev-bala-bilim-algan-knd-gana-zhakyrchylyktan-chyga-alat



Добавить комментарий