Министрлик: "70 000 сом жөлөк пул берип жатат деген маалымат жалган"
Поделиться в:
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 1991-2018-жылдар арасында иштегендерге 70 000 сом жөлөк пул берип жатат деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу Вarometr.kg сайтына билдирди.
"Фейк аккаунт аркылуу WhatsAppтан маалымат көпчүлүккө тарап жатат. Мындай жалган маалыматты элдер бири-бирине активдүү жөнөтүп жатышат"-деп жазылган.
Жогоруда аталган министрлик бул маалыматты расмий түрдө чындык эместигин билдирип, элди ишенбөөгө жана такталбаган маалыматты таратпоого чакырды.
Ссылка: https://barometr.kg/ministrlik-70-000-som-zhlk-pul-berip-zhatat-degen-maalymat-zhalgan
Добавить комментарий ×