Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду жеке менчик мекемеде иштеген аялдар да ала алат
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү жана шарттары аныкталды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул кимге чектелет?
Иш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турган иштеп жаткан аялдарга, буйрук же келишим менен катталган (мындан ары-кызматкер);
Жеке ишкерлерге (мындан ары-ЖИ);
Юридикалык жакты түзбөстөн ишкердикти жүргүзгөн дыйкан (фермер) чарбаларынын мүчөлөрүнө (мындан ары-ДФЧ мүчөлөрү);.
Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу аялдарга (мындан ары- расмий жумушсуз).
Иш берүүчү менен эмгек мамилелерде турбаган, ошондой эле иштебеген адамдар кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алууга укугу жок.
Негизги документтер:
- паспорт;
- эмгеке жарамсыздык баракчасы.
Кошумча документтер:
Кызматкерлер үчун – Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга төлөнгөн чыгымдарды кайтарып алуу боюнча өтүнмөнү, аймактык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына берет
ЖИ үчүн - салык органы тарабынан берилген патенттин көчүрмөсү (патенттин негизинде иштеген жарандар үчүн) же каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.
ДФЧнын мүчөлөрү үчүн:
- салык органы тарабынан берилген каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- жер үлүшүн/ участогун пайдалануу/ижарага алуу укугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
Расмий жумушсуздар үчүн - жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укугун тастыктоочу маалымкат. Мында арыз берүүчүдөн жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укугун тастыктоочу маалымкат талап кылынбайт.
Жумушсуз катары учетко алынганда, Эмгек рыногунун маалымат тутумуна (ЭРМТ) киргизилген маалымат, автономдук режимде Корпоративдик социалдык жардам тутумуна (КСЖТ)транспорттолонот.
Жерди белекке алган учурда, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн жер үлүшүн белекке берүү жөнүндө келишим.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул аялга кандай мөөнөткө (календарлык күнгө) берилет?
КР-нын Эмгек кодексинин 307-беренесине ылайык алардын арызы боюнча кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү, жөлөкпул төлөп берүү менен берилет:
Өрөөндү зоналарда, б.а. тоолуу эмес шартта жашагап жана иштеген аялдарга:
-ойдогудай төрөттүн учурунда 126 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 жана төрөттөн кийин 56);
-татаал төрөт жана эки же андан ашык бала төрөлгөн учурда - 140 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 жана төрөттөн кийин 70).
Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда иштеген аялдарга:
-ойдогудай төрөттүн учурунда 140 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 жана төрөттөн кийин 70);
-татаал төрөт учурунда - 156 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 жана төрөттөн кийин 86);
Добавить комментарий ×