Кыргызстанда кош бойлуулук боюнча жөлөк пулдун орточо өлчөмү 10,2 миң сомду түзөт

25 сентября 2020 10:03 690 Barometr
Поделиться в:
ok

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жана расымдык жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 2020-жылдын 1-сентябрына карата 24,1 миң адамды түздү.  Алардын ичинен кош бойлуулук  жана төрөт боюнча жөлөкпулду алуучулардын саны - 22,3 миң адам, расымдык жөлөкпул  – 1,8 миң адам. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрликтеринин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Министрликтин маалыматы боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү – 10 273,7 сомду түзгөн. Расымдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү – 3 423,0 сом.

Каржыланган жөлөкпулдардын жалпы суммасы - 235,8 млн. сомду түзсө, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга - 229,6 млн. сом жана расымдык жөлөкпулга - 6,2 млн. сом сарпталган. 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-kosh-bojluuluk-boyuncha-zhlk-puldun-ortocho-lchm-102-mi-somdu-tzt



Добавить комментарий